ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы
2021-жылдын 20-октябры № 9
Терек-Сай айыл аймагында жайгашкан Чаткал токой чарбасынын жеринен жалпы аянты 2,6 га жер аянтын “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу жөнүндө
Терек-Сай айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү жана калкты жеке турак-жай менен камсыз кылуу максатында, ошондой эле “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКу тарабынан “Тереккан” участогунда кен казуу инвестициялык долбоорун ишке ашырууда өндүрүштүк санитардык коргоо зонасына кирип калган Терек-Сай айылынын М.Мырзабаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 62 үй-бүлөнү башка коопсуз жерге жайгаштыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жаңы калктуу конушту уюштуруу боюнча Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз XIV сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Терек-Сай айылдык аймагында жайгашкан мамлекеттик менчиктеги Чаткал токой чарбасынын Терек-Сай токой бөлүмүнүн №2 обходунун №8 кварталынын №40,42,43,44,45 выделиндеги жерлеринен жалпы аянты 2,6 га теректүү жер аянтын “Токой фондунун жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына, “Тереккан” участогунда кен казуу инвестициялык долбоорун ишке ашырууда өндүрүштүк санитардык коргоо зонасына кирип калган Терек-Сай айылынын М. Мырзабаев атындагы көчөдө жайгашкан 62 үй-бүлөнү жайгаштыруу үчүн турак жай куруу максатында которууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы, Терек-Сай айыл аймагынын жер адиси И.А.Смановго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
4. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.
Терек-Сай айылдык кеңешинин төрагасы |
И. К. Ажакматов |