Редакцияот 20.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 20-октябры № 3

Терек-Сай айыл аймагында калктуу конушка жер аянтын кеңейтүү  жөнүндө

 

Терек-Сай айыл аймагында калктуу конуштарды кеңейтүү жана калкты жеке турак-жай менен камсыз кылуу  максатында, ошондой эле ошондой эле “Эти Бакыр Терексай” ЖЧКу тарабынан “Тереккан” участогунда кен казуу инвестициялык долбоорун ишке ашырууда өндүрүштүк санитардык коргоо зонасына кирип калган Терек-Сай айылынын М.Мырзабаев атындагы көчөсүндө жайгашкан 62 үй-бүлөнү башка коопсуз жерге жайгаштыруу, инвестициялык климатты жакшыртуу үчүн жаңы калктуу конушту уюштуруу максатында Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын  кезексиз XIV сессиясы

 

Т О К Т О М    К Ы Л А Т:

 

1.              Терек-Сай айыл аймагына караштуу Горняк-2 көчөсүнөн Касансай суусунун түндүк-чыгыш  тарабынан жана Ала-Бука-Жаңы-Базар-Кировка  авто жолунун түндүк-чыгыш  тарабынан Чаткал  токой  чарбасынын жерин  калктуу  конуштарды кеңейтүү  жана  калкты жеке  турак жай менен  камсыз кылуу  үчүн “Токой  фондусунун  жерлери” категориясынан “Калктуу конуштун жерлери” категориясына которуу (трансформациялоо) боюнча  2,6 га жер аянтына даярдалган Терек-Сай айыл аймагында калктуу конушка  жер аянтын  кеңейтүү программасы  бекитилсин.

2.              Бул  токтомдун  аткарылышы Терек-Сай  айыл аймагынын жер адиси И.Смановго милдеттендирилсин.

3.              Бул  токтомдун  аткарылышын көзөмөлдөө туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

4.              Токтом  Кыргыз Республикасынын Мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов