Редакцияот 20.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 20-октябры № 1

Терек-Сай  айыл  аймагына караштуу  “Каратюбе-Бузук”  участкаларынан  чачыранды алтын кенин казуу иштерин  жүргүзүүгө “Эвентус” ЖЧКна  уруксат  берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Каратюбе-Бузук” участкаларынан чачыранды алтын кенин казуу  иштерин  жүргүзүү боюнча  “Эвентус” ЖЧКнун директору М.Аманкуловдун кайрылуусун  угуп жана талкуулап, Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз  XIV сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ :

1.            Терек-Сай айыл аймагына караштуу “Каратюбе-Бузук” участкаларынан чачыранды алтын кенин казуу  иштерин  жүргүзүү үчүн “Эвентус” ЖЧКна лицензияда көрсөтүлгөн  координаттарга  ылайык жана Терек-Сай-Кызыл-Токой айылдарында өткөрүлгөн  коомдук угууда  айыл  тургундары тарабынан  коюлган  суроо талаптарды  аткаруу  менен бирге  уруксат берилсин.

 

2. Терек-Сай  айыл  аймагына 2021-жылга  карата  соц.пакет которулуп  берилсин.

3. “Эвентус” ЖЧКна  чачыранды алтын  кенин казуу иштерин  жүргүзүүдө,  экологиялык талаптарды  сактоо жагы милдеттендирилсин.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кенештин экономика жана финансы маселелери боюнча,  ошондой  эле экологиялык  коопсуздукту  сактоо боюнча туруктуу комиссияларына жүктөлсүн. 

5. Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов