Редакцияот 27.09.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТЕРЕК-САЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 Терек-Сай айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын XIV кезексиз сессиясы

 

2021-жылдын 27-сентябры № 21

Терек-Сай  айыл аймагына караштуу  Ынтымак, С.Мырзалиев көчөлөрүнө суу тартып киргизүү үчүн жана Ак-Терек айылына суу тартып киргизүүдө кошумча жумуштарына соц.пакеттин эсебинен   акча каражатын  бөлүп  берүү жөнүндө

Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак, С.Мырзалиев көчөлөрүнө суу тартып киргизүү үчүн  жана Ак-Терек айылына суу тартып киргизүүдө кошумча жумуштарына  2021-2022-жылдарга каралган соц.пакеттин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү зарылдыгы боюнча айыл тургундарынын  кайрылуусунун негизинде,  Терек-Сай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз ХIII  сессиясы

Т О К Т О М   К Ы Л А Т:

 

1.            Терек-Сай айыл аймагына караштуу Ынтымак, С.Мырзалиев көчөлөрүнө суу тартып киргизүү үчүн  жана Ак-Терек айылына суу тартып киргизүүдө кошумча жумуштарына  2021-2022-жылдарга каралган соц.пакеттин эсебинен 5 453 909 (беш миллион төрт жүз элүү үч мин тогуз жүз тогуз)  сом  акча каражаты  жергиликтүү бюджеттен бөлүнүп, “Ийгиликтүү ишкер” ЖЧКна которулуп берилсин. 

2.            Бул токтомдун аткарылышы  Терек-Сай айыл аймагынын КЭБ башчысы Т.Сувановага жүктөлсүн. .

3.            Бул токтомду көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин  экономика жана финансы маселелери боюнча  туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин. 

4.            Токтом Кыргыз Республикасынын мыйзам актыларынын талабына ылайык, Чаткал райондук мамлекеттик администрациясынын www.chatkal.kg сайтына жарыялансын.

 

Терек-Сай айылдык

кеңешинин төрагасы

 

И. К. Ажакматов