Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/4

 

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын  (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Осоавиахим, Туз айылдары экинчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Коомчулуктуу өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Осоавиахим, Туз айылдары экинчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берүү тууралуу талкуулап, Депутаттардын  Чолпон айыл аймагынын айылдык  Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентсвосунун Нарын облусунда айылды ичүүчү суу менен камсыз кылуу жана санитарияны өнүктүрүү программасынын (ПРСВСНО) алкагында каржыланып жаткан долбоорго Осоавиахим, Туз айылдары экинчи этапка киргендигине байланыштуу кызматташтыкка макулдук берилсин.

2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил