ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11/5
“Айылды инвестициялоонун үчүнчү долбоорунун (COVID-19га жооп кайтаруу) алкагында кошумча каржылоо” (АИД-3 КК) долбоорунун алкагында Чолпон айыл аймагынын ишмердүүлүгү жөнүндө
2021-ж 20-октябрындагы Кыргыз Республикасынын №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесине ылайык, АИ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Чолпон айыл аймагынын АКИА АК катчысы М. Касымованын маалымат-отчетун угуп жана талкуулап чыгып Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. АИЗ-3 КК долбоорунун алкагында айылдык аймакта аткарылган иштери боюнча Чолпон айыл аймагы АКИА АК катчысы М. Касымованын маалымат-отчету кабыл алынсын.
2. Айыл өкмөтүнүн башчысы АКИАны жергиликтүү маанидеги маселелерди чечүү иш аракеттерине киргизүү жөнүндө сунуштарын даярдап берсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл өкмөтүнүн башчысына жана АК социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин
Төрага |
Жумалы уулу Адил |