Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХVIII сессиясы
2020-жылдын 6-ноябры № 1
Келишим түзүү жөнүндө
Кашка-Суу айылдык кеңешинин Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2012-жылдын 11-апрелиндеги №202 токтому менен бекитилген “Салыктык укук мамилелери чөйрөсүндөгү өткөрүлүп берилген ыйгарым укуктардын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан ишке ашырылышынын тартиби жөнүндө” Жобонун негизинде бюджет каржы боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап сессия
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлерине мамлекеттик салык кызматы тарабынан мамлекеттик ыйгарым укуктарын өткөрүп алуу жагы милдеттендирилсин.
2. Айыл өкмөтүнүн салык кызматкерлеринин эмгек акысы, байланыш кызматы, сапар чыгымы жана ар түрдүү чыгымдары Аксы райондук өнүгүү башкармалыгы менен тузүлгөн келишимге ылайык төлөнүп берилсин.
3. Бул токтомдуаткаруу жагы каржы бөлүмүнүн башчысы Н.Матибаевге милдеттендирилсин.
4. Аталган токтомду расмий сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укутук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы У.Мамытовго жүктөлсүн.
Төрага: | Ө. Мамадалиев |