Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 1
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга аткарылышы жана 2021-жылдын бюджетин бекитүү 2022-2023-жылдардын бюджетинин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н.Матибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөтүнүн бюджетинин 2020-жылга карата аткарылышы канааттандырарлык деп табылсын.
2. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү, өздүк киреше бекитилген киреше 4934,6 (Төрт миллион тогуз жүз отуз төрт миң алты жүз ), тендөөчү трансферт 4435,1 (төрт миллион төрт жүз отуз беш миң бир жүз), жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 200,3 (эки жүз миң үч жүз) сом сумма менен бюджеттин жалпысы суммасы 9570,0 (тогуз миллион беш жүз жетимиш миң) сом, атайын каражаттан ата энелер төлөмү 1080 (бир миллион сексен мин) сом, сумма кошулуп 10650 (Он миллион алты жүз элүү миң) суммасында №1 тиркемеге негиз бекитилсин.
3. Жайыт жерлеринин ижарасынан түшүүчү 200,3 (Эки жүз миң үч жүз) сом сумма Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн «Жайыттар жөнүндө» мыйзамынын 11-беренесинин 3-пунктуна негиз үчтөн бир бөлүгү 66,8 (алтымыш алты миң сегиз жүз) сом айыл өкмөтунүн бюджетинин чыгаша бөлүгүнө, ал эми калган бөлүгү 133,5 (бир жүз отуз үч миң) сом «Кашка-Суу жайыт пайдалануучулар бирикмесине» которуп берүү үчүн 704-бөлүмүнүн 2215-статьясына чегерилсин.
4. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин чыгаша бөлүгү №2 -тиркемелерге ылайык, атайын каражаттагы бала бакчалардын тамак-аш статьясы кошулуп 10650,0 (он миллион алты жүзэлүү) сом менен бекитилсин.
5. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2022-2023-жылдардын болжолдуу долбоорунун бюджети өздүк бекитилген киреше жана трансферттеринин көлөмү №3- тиркемеге ылайык жактырылсын.
6. Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант «Кыргыз Республикасынын 2021-жылга Республикалык бюджет жөнүндөгү» мыйзамына негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшалары белгиленсин.
7. Айыл өкмөтүнүн бюджетин үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрдүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткарууну салык инспекторлоруна милдеттендирилсин.
8. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине негиз жалпы жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмдөрүнүн1 пайызга чейинки же болбосо 106,0 (Бир жуз алты миң) сом өлчөмүндө
Айыл Өкмөтүнүн резервдик фондусу болуп түзүлсүн.
9. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 110- беренесине негиз калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0 ( экижуз миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
10. Жогорудагы аныкталган жергиликтүү бюджеттин аткарылышы боюнча айылдык кеңештин бюджет жана каржы комитетине билдирүү берип туруу жагы каржы бөлүмүнө милдеттендирилсин.
11. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансы
12. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ө. Мамадалиев |