Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11/7
“Чолпон” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата жайыт башкаруу жана пайдалануу планын бекитүү жөнүндө
“Чолпон” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата жайыт башкаруу жана пайдалануу планын ишке ашыруу тууралуу “Чолпон” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Таалайбек уулу Тынчтыктын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Чолпон” муниципалдык ишканасынын 2024-жылга карата жайыт башкаруу жана пайдалануу планы тиркемеге ылайык бекитилсин. (Тиркеме тиркелет).
2. Муниципалдык ишкананын кызматкерлерине 2024-жылга карата жайытты башкаруунун жана пайдалануунун планына ылайык, жайыт иштерин алып баруу жагы милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Чолпон айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |