Редакцияот 02.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы

 

2024-жылдын 2-апрели № 11/11

 

Чекилдек айылынын Бакас участогунда жайгашкан турак-жай үйлөрү 10 дук чубалгынын астында жайгашып калгандыктан жылдыруу үчүн акча каражатын кароо жөнүндө

 

Чекилдек айылынын Бакас участогунда жайгашкан турак-жай үйлөрү 10 дук чубалгынын астында жайгашып калгандыктан, жылдыруу үчүн акча каражатын керек болуп жаткандыгы тууралуу Чекилдек, Тармал-Саз айылдарынын айыл башчысы К. Карабаевдинкайрылуусун угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:

 

1. Чекилдек айылынын Бакас участогунда жайгашкан турак-жай үйлөрү 10 дук чубалгынын астында жайгашып калгандыктан, жылдыруу үчүн 50,0 (элүү) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.

2.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу  айыл өкмөтү мекемесинин башчысы     Э. Макишовго жана  башкы эсепчи  Кармышбек кызы Гүлнарага  милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага

 

Жумалы уулу Адил