ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңешинин депутаттарынын VII чакырылышынын кезексиз XI сессиясы
2024-жылдын 2-апрели № 11/13
Эпкин айылындагы Сай каналына 1,5 чакырым узундуктагы лоток жаткыруу үчүн долбоорго өздүк салым кароо жөнүндө
Эпкин айылындагы Сай каналына 1,5 чакырым узундуктагы лоток жаткыруу үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо тууралуу Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максаттын маалыматын угуп жана талкуулап Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Эпкин айылындагы Сай каналына 1,5 чакырым узундуктагы лоток жаткыруу үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоор сунуштоо демилгеси жактырылсын.
2. Эпкин айылындагы Сай каналына 1,5 чакырым узундуктагы лоток жаткыруу үчүн Кочкор райондук өнүктүрүү фондуна долбоор өтүп жаткандыгына байланыштуу өздүк салым катарында 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Долбоордук иш кагаздарын даярдоо жагы Инвестиция тартуу жана мамлекеттик сатып алуулар боюнча адис Дүйшөнбек уулу Максатка тапшырылсын.
4. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү, тиешелүү мекемелерге кайрылуу жагы Эпкин айылынын айыл башчысы А. Молдонасировго эскертилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Э. Макишовго жана башкы эсепчи Кармышбек кызы Гүлнарага милдеттендирилсин.
Төрага |
Жумалы уулу Адил |