Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 237
Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартибин жана шарттарын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 1091-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Электрондук байкоо жүргүзүүнү аткаруу, контролдоонун электрондук жана башка техникалык каражаттарын пайдалануу тартиби жана шарттары (мындан ары - Тартип) тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги, Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги (жаза аткаруу органдары), Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети эки айлык мөөнөттө:
- Тартипти ишке ашыруу боюнча ведомстволук актыларды иштеп чыксын;
- бул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
"Эркин Тоо" мамлекеттик расмий гезитинин 2024-жылдын 17-майындагы № 37 (3590) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |