Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХХVIII отуруму
2020-жылдын 14-декабры № 48
“Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын штаттык түзүмү жана таза сууну калкка сатуунун наркы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Стратегиялык объектилер” жөнүндөгү мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу” жөнүндөгү мыйзамынын 31-беренесине ылайык Сары-Таш айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.«Жаңы Сары-Таш» муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
1. Жетекчи-1
2. Бухгалтер-оператор-1
3. Сантехник -2
4. Кароолчу -3
2.“Жаңы Сары-Таш муниципалдык ишкананын жумушчуларынын эмгек акысы Кыргыз Республикасынын бюджет кодексинин негизинде эсептелинип, тарификация жүргүзүлсүн:
1.Жетекчи 1*13000=13000сом
2. Бухгалтер-оператор 1* 12000=12000сом
3. Кароолчу 3* 8000=24000сом
4. Сантехник 2*12000=24000сом
3.”Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын карамагында 2(эки) суу кампасы жана 1(бир) хлоратордук кампасы бар стратегиялык объект болгондуктан күнү-түнү видеокөзөмөлгө коюлуп, катуу кайтарууга алынсын.
4. Таза сууну пайдаланууда калкка сууну сатуунун баасынын 1 (бир) кубу 135 (жүз отуз беш ) сомдон болуп белгиленсин.
5. Бул токтомдун аткарылышы “Жаңы Сары-Таш” муниципалдык ишканасынын жетекчиси Р.Жетимиш уулуна милдеттендирилсин.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет комитетине жана транспорт,коммуникация,курулуш,жерге жайгаштыруу,электр тармагы жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т. Жаныбек уулу |