Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХХ отуруму
2019-жылдын 25-декабры № 40/1
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 1939,0 миң сом калган калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетине иштетүү жөнүндө
Калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетине иштетүү боюнча Сары-Таш айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы С.Эсенбаев жана айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эмиловдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдан пайдаланылбай калган өздүк кирешенин эсебинен 1939,0 миң сом калдык акча каражатын 2020-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн такталган планына кошумча киргизилсин.
2.Айылдык Кенештин отурумунда талкууланган 2020-жылдын 1-январына карата 2019-жылдан пайдаланылбай калган 1939,0 мин сом акча каражаты 2020-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн сметасына кошумча киргизип берүү жагы Алай финансы башкармалыгынан суралсын.
3.Жогорудагы бекитилген толуктоолорду өз максатында чыгымдоо жагын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эмиловго жана өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Үсөн уулу Бактиярга милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныбек уулу Т. |