Загрузка документа…
САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XХХХ отуруму
2019-жылдын 25-декабры № 40
Сары-Таш айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2018-жылга аткарылышы, 2019-жылга маалыматы, 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2021-2022-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 15751,4 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант -6584,6 мин сом, өздүк киреше -5690,5 ( анын ичинде атайын каражат–352,9 мин сом) республикалык бюджеттен берилүүчү каражаттар (средства передаваемые)-2053,7 миң сом, 2017-жылдан өткөн калдык 1422,6 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 13830,6 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 17616,7 миң сомго жана чыгаша бөлүгү 17598,5 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3.Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2020-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 14817,7 миң сомго, анын ичинен тендөөчү грант -10646,0 мин сом, өздүк киреше -4171,7 мин сомго (анын ичинде атайын каражаттар – 400,0 мин сом) бекитилсин.
4. 2021-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 15068,9 миң сомго, анын ичинен: тендөөчү грант 10521,2 мин сом, өздүк киреше 4547,7 мин сомго (анын ичинде атайын каражаттар- 200,0 миң сом) 2022-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 15264,7 миң сомго анын ичинен:тендөөчү грант 10587,0 мин сом, өздүк киреше 4677,7 мин сомго (анын ичинде атайын каражаттар- 200,0 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5.Сары-Таш айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл өкмөтүнүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Эмиловго милдеттендирилсин.
Төрага | Жаныбек уулу Т. |