Редакцияот 24.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КР Министрлер Кабинетинин

2024-жылдын 24-январындагы № 20

токтому менен бекитилди

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Палестина Мамлекетинин Өкмөтүнүн ортосундагы Маданият жаатында кызматташуу жөнүндө МАКУЛДАШУУ

2023-жылдын 28-августу

Мындан ары "Тараптар" деп аталуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жана Палестина Мамлекетинин Өкмөтү,

мындан ары эки мамлекеттин ортосундагы маданият жана ага байланышкан башка тармактарда өз ара кызматташууну өнүктүрүүгө жана бекемдөөгө ниеттенип,

маданий алмашууга дем берүүнүн жана көркөм жана интеллектуалдык чыгармалар менен таанышуунун маанилүүлүгүн түшүнүү менен,

төмөнкүлөр жөнүндө макулдашты:

1-берене. Макулдашуунун колдонуу чөйрөсү

Тараптар эки мамлекеттин ортосундагы маданий жана көркөм ишмердүүлүктү, программаларды жана долбоорлорду өнүктүрүү максатында маданият, анын ичинде адабият жана искусство чөйрөсүндө өз ара пайдалуу кызматташууну колдойт.

2-берене. Компетенттүү органдар

Ушул Макулдашууну ишке ашыруу үчүн компетенттүү органдар:

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин атынан - Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги;

Палестина Мамлекетинин Өкмөтүнүн атынан - Палестина Мамлекетинин Маданият министрлиги.

3-берене. Кызматташуу формалары

1. Эки мамлекеттин ортосундагы мамилелерди чыңдоо жана колдоо принцибинин негизинде Тараптар маданият жана искусство жаатында кызматташууга ниеттенет.

2. Ушул берененин 1-пунктунда көрсөтүлгөн максаттарга жетүү үчүн Тараптар төмөнкүлөрдү колдойт:

a) көрсөтүлгөн чөйрөлөрдө маданий сапарлар жана лекциялар менен алмашуу, ошондой эле ушул маселе боюнча маалымат алмашуу;

b) балдар маданияты жана адабияты жаатында эксперттер жана адистер менен алмашуу, ошондой эле балдар үчүн биргелешкен көркөм чыгармаларды, анын ичинде театралдык оюн-зоокторду жана фильмдерди колдоо, маданий чыгармалар менен алмашуу, балдардын жана жаштардын чыгармачылыгы боюнча адистештирилген курстарды өткөрүү, ошондой эле балдар адабиятын эки багыт боюнча которууга көңүл буруу;

c) адистештирилген көргөзмөлөрдү, кино, музыка, аткаруучулук искусство жана драманы кошуп алганда, маданияттын жалпы кызыкчылык туудурган ар кандай тармактарында кызматташуу;

d) улуттук жана маданий иш-чаралардын алкагында Тараптардын мамлекеттеринде төмөнкүлөр аркылуу маданият жумалыктарын өткөрүү:

- студенттердин жана академиялык кадрлардын иш-сапарлары менен алмашуу;

- кадрларды жана академиялык программаларды жогорулатуу жана түзүү;

- искусство мекемелериндеги болгон академиялык ресурстарды өнүктүрүү жана байытуу (музыка, көркөм сүрөт искусствосу, аткаруучулук искусство, визуалдык үн ж.б.);

e) ушул берененин 2-пунктунун (а)-пунктчасында саналып өткөн иш-чаралар аркылуу материалдык эмес маданий мурастарын сактоону тейлеген эки өлкөнүн компетенттүү мекемелеринин ортосунда билим алмашуу;

f) автордук укук жана чектеш укуктар жаатында тажрыйба жана билим алмашуу;

g) адабият жана китепкана жаатында кызматташуу, анын ичинде кыргыз, орус, араб жана палестин адабий чыгармаларын өз ара которууну жүзөгө ашыруу, ошондой эле китеп алмашуу;

h) Тараптар же эки мамлекеттин кызыкдар маданий мекемелери макулдашкан кызматташуунун кандай болбосун башка формасы.

3. Тараптардын кызматташуусу белгилүү бир мезгилге долбоорлордун, программалардын жана иш-чаралардын алкагында ишке ашырылат.

4-берене. Мекемелер, уюмдар жана айрым жактар

Тараптар ушул Макулдашууда камтылган чөйрөлөрдөгү эки мамлекеттин тиешелүү мекемелеринин, уюмдарынын жана айрым жактарынын ортосундагы байланыштарды жана кызматташууну колдойт.

5-берене. Интеллектуалдык менчик укуктарын коргоо

Ар бир Тарап өзүнүн аймагында Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына, ошондой эле Тараптар жана алардын мамлекеттери катышуучу болуп саналган эл аралык келишимдерге жана макулдашууларга ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруунун натыйжасында келип чыгышы мүмкүн болгон интеллектуалдык менчик укуктарын жана ар кандай башка чектеш укуктарды коргойт.

6-берене. Бажылык тариздөө

Тараптар өз мамлекеттеринин улуттук мыйзамдарына ылайык ушул Макулдашууну ишке ашыруу максатында коммерциялык эмес пайдалануу үчүн маданий материалдардын өз аймагына кирүүсүн жеңилдетүү үчүн (бажы жол-жоболорун тездетүү аркылуу) бардык зарыл болгон чараларды көрөт.

7-берене. Колдонулуучу мыйзамдар

Ушул Макулдашууга ылайык жүзөгө ашырылуучу бардык иш-чаралар Тараптардын мамлекеттеринин улуттук мыйзамдары менен жөнгө салынат.

8-берене. Талаш-тартыштарды жөнгө салуу

Ушул Макулдашууну чечмелөөнүн жана/же аткаруунун натыйжасында Тараптардын ортосунда келип чыгышы мүмкүн болгон бардык талаш-тартыштар же пикир келишпестиктер Тараптардын ортосундагы консультациялар же сүйлөшүүлөр жолу менен чечилет.

9-берене. Түзөтүүлөр

Ушул Макулдашуу Тараптардын өз ара макулдугу боюнча анын ажырагыс бөлүгү болуп саналган өзүнчө протоколдор аркылуу өзгөртүлүшү жана/же толукталышы мүмкүн.

10-берене. Күчүнө кириши, узактыгы жана токтотулушу

Ушул Макулдашуу Тараптар анын күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор аяктагандыгы тууралуу бири-бирине дипломатиялык каналдар аркылуу билдирүүчү акыркы жазуу жүзүндөгү билдирүү алынган күндөн тартып күчүнө кирет,

Ушул Макулдашуу белгисиз мөөнөткө түзүлөт жана Тараптардын бири экинчи Тараптын ушул Макулдашуунун аракетин токтотуу ниети жөнүндө жазуу жүзүндөгү билдирүүсүн дипломатиялык каналдар аркылуу алган күндөн тартып алты (6) ай өткөндөн кийин өз аракетин токтотот.

Эгерде Тараптар жазуу жүзүндө башкача макулдашпаса, ушул Макулдашуунун аракетинин токтотулушу ушул Макулдашуунун алкагында башталган жана жүзөгө ашырылып жаткан учурдагы иш-чараларга, программаларга жана долбоорлорго Тараптар алар боюнча өз милдеттенмелерин толугу менен аткарып бүткөнгө чейин таасирин тийгизбейт.

 

Бишкек шаарында 2023-жылдын 28-августунда эки түп нускада, ар бири кыргыз, орус, араб жана англис тилдеринде түзүлдү, мында бардык тексттер бирдей күчкө ээ. Ушул Макулдашуунун жоболорун чечмелөөдө кайчы пикирлер келип чыккан учурда англис тилиндеги текст артыкчылыктуу күчкө ээ болот.

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети үчүн

 

Палестина Мамлекетинин Өкмөтү үчүн

 

 

 

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев

 

Палестина Мамлекетинин Тышкы иштер жана экспатрианттар министри Риад Малки