Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2024-жылдын 10-майы № 233
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча алынган лицензиялардын негизинде жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканалар жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъекттер тарабынан жүргүзүлүүчү геологиялык иштердин жүргүзүлүшүнө мамлекеттик контролду күчөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 23-августундагы № 148 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибин бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими боюнча жер казынасын пайдалануу укугун берүү тартибинде:
- 5-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- 2006-жылдын (Kyrg-06) тик бурчтуу координаттар системасындагы бурчтук чекиттер;
- жер казынасынын участогунун өлчөмү (аянты га менен);
- мурда ишке ашырылган же азыркы учурда ишке ашырылып жаткан жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү долбоорлор жөнүндө маалыматты берүү менен инвестордун кен казуу чөйрөсүндөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш тажрыйбасы (геологиялык иштерди жүргүзүүгө же кенди иштетүүгө инвесторлор тартылган учурда);
- инвестордун финансылык жөндөмдүүлүгү (геологиялык иштерди жүргүзүүгө же кенди иштетүүгө инвесторлор тартылган учурда).";
- 6-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишкананын же чарбакер субъекттин эсептешүү эсеби бонус төлөө, жер казынасын толук көлөмдө пайдалануу укугунун биринчи жылы үчүн лицензияны кармап туруу үчүн жыйым төлөө жана тиешелүү иштерди жүргүзүү (инвесторлорду тартуу менен геологиялык иштер жүргүзүлгөн же кен иштетилген учурда) үчүн зарыл болгон суммага толукталгандыгы жөнүндө квитанциянын көчүрмөсү.";
- 8-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
"- жалпы мамлекеттик маанидеги жер казынасынын участокторунун реестринде же аукциондук объекттердин реестринде жер казынасынын билдирилген участогунун жоктугу;
- жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жер казынасынын билдирилген участогунун экономикалык жана экологиялык рентабелдүү эместигинин негизинде өтүнмөнү кароодон баш тартууга укуктуу.";
- 9-пункттагы "14" деген цифралар "30" деген цифраларга алмаштырылсын;
- 13-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"13. Эгерде лицензиат лицензияны жана лицензиялык макулдашууну алган датадан тартып 3 (үч) ай өткөндөн кийин лицензия боюнча техникалык-экономикалык негиздемени (ТЭН) иштеп чыкпаса, анда жер казынасын пайдалануу укугу токтотулууга тийиш. ТЭН иштелип чыккан учурда лицензиат бир нускасын жер казынасын пайдалануу жаатындагы мамлекеттик саясатты ишке ашыруу боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берүүгө милдеттүү.
Эгерде лицензиат лицензияны жана лицензиялык макулдашууну алган датадан тартып 6 (алты) ай өткөндөн кийин иштерди долбоорлоо боюнча лицензиялык макулдашуунун шарттарын аткарбаса (мамлекеттик экспертизалардын оң корутундулары менен геологиялык чалгындоо иштерине же кенди иштетүүгө техникалык долбоорду бербесе), анда бул жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
Эгерде лицензиат лицензияны жана лицензиялык макулдашууну алган датадан тартып 9 (тогуз) ай өткөндөн кийин жер казынасын геологиялык изилдөөгө же кенди иштетүүгө киришпесе, анда бул жер казынасын пайдалануу укугун токтотуу үчүн негиз болуп саналат.
Жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканага жана уставдык капиталында мамлекеттин катышуусунун үчтөн экисинен кем эмес үлүшү бар чарбакер субъектке карата лицензиялоонун башка маселелери жер казынасын пайдалануу чөйрөсүндөгү мыйзамдарга ылайык жалпы тартипте каралат.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Жапаров |