Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 22-ноябрындагы № 710 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашуу (меморандум) түзгөн Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды мамлекеттик сатып алууларды жүргүзүүнү регламентейт.
2. Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы жана сатып алуучу уюм өз ишинде "Мамлекеттик сатып алуулар жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамын (мындан ары - Мыйзам), ушул Тартипти, Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр), ошондой эле Бириккен Улуттар Уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын (анын ичинде алардын операциялык компоненттеринин) алкагында иштеген атайын сатып алуучу уюмдар (мындан ары - БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар) менен кол коюлган макулдашууларды/меморандумдарды жана саламаттык сактоо жана мамлекеттик сатып алуулар жаатындагы ишти жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жетекчиликке алат.
3. БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен Дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу ниети жөнүндө макулдашууну/меморандумду түзөт. Мында БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар менен конкреттүү жеткирүүгө мамлекеттик сатып алуулардын контракты Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын же сатып алуучу уюмдун сапаттуу, коопсуз жана натыйжалуу дары каражаттарын жана/же медициналык буюмдарды жеткирүү жөнүндө расмий суроо-талабынын негизинде тиешелүү сатып алуучу уюм тарабынан түзүлөт.
4. БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу жол-жобосу Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сатып алуулар чөйрөсүндөгү мыйзамдарынын, БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар менен түзүлгөн макулдашуулардын/меморандумдардын, ушул Тартиптин талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
5. Бул Тартипте төмөнкүдөй негизги түшүнүктөр жана аныктамалар колдонулат:
1) буфердик запас - саламаттык сактоо уюмдары тарабынан түзүлүүчү, суроо-талаптын циклдик, сезондук өзгөрүүсү учурунда алардын нормалдуу иштеши үчүн зарыл болгон дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын минималдуу запасы;
2) сатып алуучу уюм - Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан аныкталган, БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу мамлекеттик сатып алууларды жүзөгө ашырууга жооптуу саламаттык сактоо уюму;
3) жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талап - ушул Тартиптин 12-пунктунда белгиленген маалыматтарды камтыган жана БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдарга, жана дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүчүлөргө жиберилүүчү сатып алуучу уюмдун документтеринин топтому;
4) жеткирүүгө өтүнмө - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүгө өтүнмө, ал сатып алуучу уюм менен БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдун ортосундагы контракттын күчүнө ээ болгон, БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдун сайтында же башка интернет-ресурсунда түзүлөт. Жеткирүүгө өтүнмөнү тариздөөнүн формасы жана жол-жобосу түзүлгөн меморандумдардын/ макулдашуулардын талаптарына ылайык белгиленет;
5) Инкотермс - (англ. - Incoterms, International commercial terms) тараптардын укуктарын жана милдеттерин, тобокелдиктерди жана чыгымдарды бөлүштүрүүнү аныктоочу, сатуучу менен сатып алуучунун ортосунда товарларды жеткирүү шарттарын жөнгө салуучу эл аралык стандарттар;
6) Бириккен Улуттар Уюму тарабынан түзүлгөн уюмдар (өкүлчүлүктөр) - коммерциялык жеткирүүчүлөр болуп саналбаган жана Кыргыз Республикасынын билдирмеси боюнча сатып алууларды жүргүзгөн уюмдар, ошондой эле БУУ уюмунун саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү программаларынын алкагында (алардын операциялык компоненттерин кошкондо) иштеген, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети менен макулдашууга/меморандумга кол койгон атайын сатып алуучу уюмдар;
7) сатып алуулар бөлүмү - сатып алуу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн түзүлгөн сатып алуучу уюмдун бөлүмү же ушул милдеттер жүктөлгөн бөлүм;
8) баалоо комиссиясы - ушул Тартипте белгиленген функцияларды аткаруу үчүн сатып алуучу уюм тарабынан түзүлүүчү коллегиалдуу орган;
9) контракт - баалоо комиссиясынын чечимине ылайык түзүлүүчү, сатып алуучу уюм менен БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдун ортосундагы сатып алуу жөнүндө келишим;
10) жеткирүүчү - дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүү боюнча сатып алуу жол-жоболоруна катышкан кайсы болбосун юридикалык же жеке жак.
2-глава. БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуунун жол-жобосу
§ 1. Сатып алуучу уюмдун функциялары
6. Сатып алуучу уюм дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга карата коопсуздукту, сапатты жана натыйжалуулукту камсыз кылуучу минималдуу талаптарды эске алуу менен БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу сатып алынуучу дары каражаттарынын жана медициналык буюмдардын бекитилген тизмегине ылайык түзүлгөн саламаттык сактоо уюмдарынын өтүнмөлөрүнүн негизинде, техникалык өзгөчөлүктөрүн көрсөтүү менен дары каражаттарына жана медициналык буюмдарга болгон керектөөлөр жөнүндө жыйынды маалыматтарды түзөт жана өзүнүн сатып алуулар бөлүмү аркылуу ушул Тартипке ылайык сатып алууларды жүргүзүү жол-жобосун демилгелейт.
7. Сатып алуулар бөлүмү төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
1) ушул Тартиптин 12-пунктуна ылайык жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талаптын долбоорун иштеп чыгат;
2) баалоо комиссиясын түзөт;
3) баалоо комиссиясы бекиткен жеткирүү жөнүндө сунуш суроо-талабын расмий кат менен БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдарга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын аймагында дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды жеткирүүнү жүзөгө ашырган жеткирүүчүлөргө электрондук почта же заказдык кат аркылуу жөнөтөт. Мындай суроо-талап сатып алууларды уюштуруу жана жеткирүүлөрдү жүзөгө ашыруу үчүн зарыл болгон убакытты эске алуу менен күн мурунтан жөнөтүлөт.
Сатып алуучу уюм сунушка суроо-талапта жеткирүү жөнүндө сунуштарды берүүнүн акыркы мөөнөтүн белгилейт, ал сунушка суроо-талап жөнөтүлгөн датадан 10 (он) жумуш күндөн кем болбошу керек;
4) жеткирүү жөнүндө сунушту берүү мөөнөтү аяктаган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө, келип түшкөн жеткирүү жөнүндө сунуштарды баалоо комиссиянын кароосуна киргизет;
5) веб-порталда түзүлгөн контракттын шарттарын жана контракттын аткарылышынын жыйынтыктарын Мыйзамдын талаптарына ылайык жайгаштырат.
8. Сатып алуучу уюм ар бир сатып алууга өзүнчө буйрук чыгаруу жолу менен сатып алуучу уюмдун, коомчулуктун өкүлдөрүнөн (алар расмий кайрылган учурда) жана башка эксперттерден (макулдашуу боюнча) турган баалоо комиссиясын түзөт. Баалоо комиссиясы 3төн кем эмес адамдан турат, алардын бири буйрукта комиссиянын төрагасы деп белгиленет жана баалоо комиссиясынын ишин камсыз кылат.
9. Баалоо комиссиянын функциялары:
1) жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талапты бекитет;
2) келип түшкөн жеткирүү жөнүндө сунуштардын сунушка суроо-талаптын шарттарына ылайык келүүсүн салыштырат жана баалайт;
3) баалоонун натыйжалары боюнча дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу же Мыйзамдын талаптарына ылайык жеткирүүчүлөрдөн мамлекеттик сатып алуулардын веб-порталы аркылуу сатып алуу жөнүндө чечим кабыл алат.
§ 2. Сатып алууларды жүзөгө ашыруунун этаптары
10. БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алуу жол-жобосу төмөнкү этаптардан турат:
1) сатып алууларды пландаштыруу;
2) баалоо комиссиясын түзүү;
3) жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талапты иштеп чыгуу жана бекитүү;
4) БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдарга жана Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөрүнө жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талап жөнөтүү;
5) БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдардан жана Кыргыз Республикасынын жеткирүүчүлөрүнөн келип түшкөн сунуштарды баалоо жана салыштыруу;
6) жеткирүүчүнү аныктоо;
7) контрактты же жеткирүүгө өтүнмөнү түзүү;
8) контрактты же жеткирүүгө өтүнмөнү администрациялоо.
11. Сатып алууларды пландаштыруу Мыйзамдын талаптарына ылайык жүргүзүлөт.
12. Өтүнмө милдеттүү түрдө төмөнкү маалыматтарды камтууга тийиш:
1) дары каражаттарынын (эл аралык патенттелбеген аталышы) жана/же медициналык буюмдардын тизмеги;
2) көлөм (зарыл учурда буфердик запасты эске алуу менен) өлчөө бирдиги, техникалык жана сапаттык мүнөздөмөлөрү;
3) товарды жеткирүү шарттары (сатып алуу мезгили жана/же жеткирүү мөөнөтү, сатып алуу предметине жараша ташуу жана муздатуу (зарыл болгон учурда) тизмегине карата талаптарды сактоо зарылдыгы, жеткирүү/жеткирип берүү орду жана/же ИНКОТЕРМС);
4) товардын жарактуулук мөөнөтү;
5) жеткирүүгө байланышкан бардык чыгымдардын наркын чечмелөө жөнүндө талап (бажы төлөмдөрү, транспорттук чыгымдар, салыктар, жыйымдар, алымдар);
6) жеткирүү жөнүндө сунуштардын жарактуулук мөөнөтү;
7) жеткирүү жөнүндө сунуштар жөнөтүлө турган почта дареги же электрондук дареги. Жеткирүү жөнүндө сунуштар электрондук жана/же кагаз түрүндө берилиши мүмкүн.
13. Жеткирүү жөнүндө сунуштарды баалоо жана салыштыруу төмөнкү тартипте жүргүзүлөт:
1) баалоо комиссиясы чечим кабыл алууда жеткирүү жөнүндө сунуштарды жеткирүүгө суроо-талапта көрсөтүлгөн талаптардын, анын ичинде берүүнүн шарттарынын, сапатына карата талаптардын, сунушталган нарктын негизинде карайт. Сунуштарды кароодо сатып алуучу уюмдун дарегине алдын ала жазуу жүзүндө сунуш берген кызыкдар тараптар катыша алышат;
2) салыштырма баалоонун жыйынтыгы боюнча баалоо комиссиясы сунушталган бааларды көрсөтүү менен протокол түзөт жана сатып алуулардын андан аркы жол-жобосу жөнүндө чечим чыгарат. Баалоо комиссиясынын чечими жөнөкөй көпчүлүк добуш менен кабыл алынат жана комиссиянын бардык мүчөлөрүнүн колу коюлуп, протокол түрүндө таризделет;
3) баалоо комиссиясы БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууну жүзөгө ашыруу жөнүндө чечим кабыл алган учурда жол-жобо Мыйзамдын 17-беренесинин 3-бөлүгүнүн 6-пунктуна ылайык бир булактан алуу методу менен жүзөгө ашырылат;
4) эгерде БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар белгиленген мөөнөткө жеткирүү жөнүндө өз сунуштарын бербесе же зарыл продукция БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдарда жок болсо, же баалоо комиссиянын чечими боюнча БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар тарабынан жеткирүү жөнүндө берилген сунуштар сатып алуучу уюмдун жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талабынын талаптарына ылайык келбейт деп таанылса, анда сатып алуулар Мыйзамдын талаптарына ылайык жүзөгө ашырылат.
14. Баалоо комиссиясы сунуштардын жарактуулугу аяктаганга чейин сунуштарды баалоону аяктоого жана жол-жоболордун протоколуна кол коюуга тийиш.
Сунуштарды баалоо үчүн убакыт жетишсиз болгон учурда баалоо комиссиясы сатып алуучу уюмдун сатып алуу бөлүмү аркылуу жеткирүүчүлөргө сунуштардын жарактуулук мөөнөтүн сунуштардын жарактуулук мөөнөтү аяктаган датадан тартып он жумуш күндөн ашпаган мөөнөткө узартуу жөнүндө суроо-талап жөнөтүүгө укуктуу, мындай суроо-талап сунуштун жарактуулук мөөнөтү аяктаганга чейин эки күндөн кечиктирилбеген мөөнөттө жөнөтүлүүгө тийиш. Баалоо комиссиясы сунуштун жарактуулук мөөнөтүн узартууга макул болгон жеткирүүчүлөрдүн сунуштарына баа берет.
15. Баалоо комиссиясы жеткирүүчүнүн сунушун, эгерде анда жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талапта баяндалган мүнөздөмөлөрдөн, шарттардан жана башка талаптардан олуттуу түрдө өзгөрүлбөгөн же олуттуу түрдө четтебеген анча-мынча дал келбестиктер болсо, талаптарга жооп берет деп карашы мүмкүн. Баалоого таасирин тийгизбеген так эместиктер олуттуу эмес дал келбестиктер болушу мүмкүн (мисалы, эгерде жеткирүү жөнүндө сунушка суроо-талаптын талабы менен 2 жылдык окшош тажрыйба жана жеткирилген товарлардын көлөмү 20 миллион сом деп белгиленсе, ал эми жеткирүүчү 1 жыл 6 айлык же 1 жыл 8 айлык тажрыйбаны күбөлөндүргөн документтерди берсе, бирок аткарылган жеткирүүлөрдүн көлөмү белгиленген 20 миллион сомдон ашыкты түзсө).
16. Баалоо комиссиясы төмөнкү учурларда жол-жобону ишке ашкан жок деп табат:
1) бир дагы сунуш келип түшпөсө, же болбосо жеткирүүчүлөрдүн бардык сунуштары четке кагылса;
2) сунуштун минималдуу баасы сатып алуу предметинин пландаштырылган бюджетинен ашып кетсе.
17. Ушул Тартиптин 16-пунктуна ылайык жол-жобо ишке ашырылган жок деп таанылган учурда сатып алуучу уюм баалоо критерийлерин, сатып алуу предметинин пландалган наркын, техникалык өзгөчөлүктөрдү кайра карап чыгууга жана жол-жобону кайталап жүргүзүүгө тийиш.
18. Түзүлгөн контракттын же товарды жеткирүүгө суроо-талаптын алкагында төлөө тартиби жана аванстык төлөмдөрдүн өлчөмү, БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар аркылуу чийки заттарды жана материалдарды алууга, дары каражаттарын жана медициналык буюмдарды сатып алууга байланышкан жумуштарды аткаруу контракт түзүүдө тараптар тарабынан белгиленет.
19. Контракттын валютасы жана жеткирүү шарттары БУУ тарабынан түзүлгөн уюмдар менен тиешелүү контрактта аныкталат.
20. Контрактты администрациялоо Мыйзамда белгиленген тартипте жүзөгө ашырылат.