Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 16

Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүү,  аукционго коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамын жана  регламентин бекитүү жөнүндө.

 

 Күн тартибиндеги 7-маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген “Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик кондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу”  Типтүү Жобонун 22-пунктуна негиз  Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүү, аукционго коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын курамы 1-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  2. Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүү,  аукционго коюу боюнча түзүлгөн комиссиянын регламенти 2-тиркемеге ылайык бекитилсин.
  3. Түзүлгөн комиссия айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүүдө конкурс өткөрүүдө,  аукционго коюда мыйзам чегинде, комиссиянын регламентине  ылайык иш алып барсын.

 

  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айыл чарбасы, турак жай жана коммуналдык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Бактыбаев