Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 3
Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жылдын атайын каражатын бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айыл өкмөтүнүн финансы экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Матибаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жыл учун атайын каражаттын киреше бөлүгү 1080 (бир миллион сексен мин) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Кашка-Суу айыл өкмөтүнүн 2021-жыл учун атайын каражаттын чыгаша бөлүгү сметанын негизинде жумшалсын.
3. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага: | Ө. Мамадалиев |