Редакцияот 18.04.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ОРОЗБЕКОВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Орозбеков айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги үчүнчү сессиясы

 

2024-жылдын 18-апрели № 19

Орозбеков айыл аймагынын Ак-Шыбак участкасынан 15 га кайрак айдоо жерин ижарага берүү жөнүндө.

 

 

Күн тартибиндеги 10-маселени карап чыгып жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2007-жылдын 22-июнундагы №243 токтому менен бекитилген Айыл-чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижара берүү шарттары жана тартиби тууралуу Типтүү Жобосуна негиз  Орозбеков айылдык кеңешинин сессиясы токтом кылат:

 

  1. Орозбеков айыл аймагынын Ак-Шыбак участкасынан 15га кайрак айдоо жери ижарага берилсин.
  2. Жерди ижарага берүүдө Орозбеков айыл өкмөтүнүн айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү боюнча конкурс өткөрүү,  аукционго коюу боюнча комиссиясы мыйзам чегинде иш алып барсын.
  3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл-чарбасы, жер, турак жай жана коммуналдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясыга жүктөлсүн.

 

 

Төрага:

А.Бактыбаев