Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIX сессиясы
2021-жылдын 2-февралы № 6
Кашка-Суу айыл аймагынын Пача-Ата ГМСи Падыша-Ата дарыясынын суусун ченеп пайдаланып жүргөн жерин, мамлекеттик каттоодон өткөрүү үчүн жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айылдык кеңештин айыл чарбасы, жер, суу, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Э. Шатмановдун билдирүүсүн угуп талкуулап айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги ХХХIХ сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кашка-Суу айыл аймагында жайгашкан Пача-Ата ГМСтин мурдатан пайдаланып келген суу ченөөчү жайынын жер аянтын каттоодон өткөрүү үчүн Кара-Башат айылындагы Орто-Токой участкасына өткөн жерден Падыша-Ата дарыясынын оң жээгинен 250 м. кв жана сол жээгинен 250 м. кв жалпысы 0,05 га жер аянтын ажыратып берүүгө макулдук берилсин.
2. Жер ажыратып берүүдө мыйзамдуулугун карап, иш кагаздарын тактоо айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештинайыл чарбасы, жер, суу, турак жай, курулуш, жаратылышты коргоо жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
4. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага: | Ө. Мамадалиев |