Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №1
“Жалал-Абад шаарындагы көчөлөрдүн аталыштары жөнүндө”
Жалал-Абад шаардык кеӊешинин “Географиялык объектилерге аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү боюнча” Жобосунун негизинде, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын жана Жалал-Абад шаарындагы аймактык башкаруулардан келип түшкөн каттарды шаардык кеӊештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясында карап чыгып, Депутаттардын Жалал-Абад шаардык кеңешинин кезектеги XLII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарындагы Барпинская көчөсүнүн аталышы Баатыр-Эне Алийма Ташиева (лат. Aliyma Tashieva) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
2. Жалал-Абад шаарындагы Ю.Гагарин көчөсүнүн аталышы Айдаров Кубанычбек Каримович (лат. Aidarov Kubanychbek Karimovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
3. Жалал-Абад шаарындагы Пионерская көчөсүнүн аталышы Ю.Гагарин (лат. Y.Gagarin) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
4. Жалал-Абад шаарындагы Победа көчөсүнүн аталышы Берикбаев Турусбек Турдукулович (лат. Berikbaev Turusbek Turdukulovich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
5. Жалал-Абад шаарындагы Курманбек-7 көчөсүнүн аталышы Токтосун Нарматов (лат. Toktosun Narmatov) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
6. Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов аймактык башкармалыгындагы Тилек-1 көчөсүнүн аталышы Бекилов Жоробек (лат. Bekilov Jorobek) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
7. Жалал-Абад шаарындагы Ч.Айтматов аймактык башкармалыгындагы Миӊөрүк көчөсүнүн аталышы Ташиев Абжал (лат. Tashiev Abjal) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
8. Жалал-Абад шаарындагы Геоголов кыска көчөсүнүн аталышы Аманов Абдыкадыр (лат. Amanov Abdykadyr) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
9. Жалал-Абад шаарындагы Электрон-7 көчөсүнүн аталышы Топчубай Бегматов (лат. Topchubai Begmatov) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
10. Жалал-Абад шаарындагы Молодежная көчөсүнүн аталышы Эргешбай Наджиев (Ergeshbai Nadzhiev) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
11. Жалал-Абад шаарындагы Дружба көчөсүнүн аталышы Садыров Суран Жарашевич (лат. Sadyrov Suran Jarashevich) көчөсү болуп өзгөртүлсүн.
12. Жалал-Абад шаардык архитектура бөлүмүнө ысым ыйгарылган көчөлөрдү тактап берүү жагы жүктөлсүн, жаӊы көчөгө аншлагдарды даярдоо жана илүү турак жай коммуналдык чарба департаментине (С.Жакыпов) жүктөлсүн, токтомду коммуналдык кызмат көрсөтүүчү мекемелерге жиберүү жагы шаар мэриясына милдеттендирилсин.
13. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
14. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
15. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет
Төрага: | Н.Орозбаев |