Загрузка документа…
КАШКА-СУУ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Суу айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз ХХХX сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 1
"Айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын берүү жана көчөлөргө ысым ыйгаруу жөнүндө
Күн тартибиндеги каралган маселе боюнча айылдык кеңештин мыйзамдуулук, укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Камчыбек уулу Шекербектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кашка-Суу айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Базаралиев Бекназар Токтосунович, Усупбаева Шааркан, Артыкбаев Муктарбек Анаркулович, Наралиева Бегайымдарга айыл аймагынын социалдык экономикалык өнүгүүсүнө зор салымын кошуп келе жаткандыгы эске алынып, “Кашка-Суу айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Айыл аймагынын “ардактуу атуулу” наамын тастыктоочу белгилер менен камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнө жүктөлсүн.
3. Эмгек ардагери маркум Базаралиев Токтосунга өзү жашаган көчөгө
(Р. Жаналиев көчөсүнөн көпүрөнүн башынан Эшалиев Бактыярдын үйүнүн жанына чейин).
4. Эмгек ардагери маркум Эрназаров Токторбайга өзү жашаган көчөгө
(З. Рысбеков атындагы ФАПтын жанынан шлагбаумга чейин).
5. Эмгек ардагери маркум Ажибаев Абдулла өзү жашаган көчөгө
(Р. Жаналиев көчөсүнөн Ж. Абдраимов көчөсүнө чейин).
6. Эмгек ардагери маркум Рыспаев Орунбекке өзү жашаган көчөгө (Чоң жаңгактын жанынан каражыгачтарга чейин) аралыктар аты аталган атуулдарга көчөлөрдүн ысымы ыйгарылсын.
7. Эмгек ардагери Туманбаев Усупбекке өзү жашаган айылга (Каражыгачтардын жанынан Төшкө-Жатарга чейин) аралыктар аты аталган атуулдарга көчөлөрдүн ысымы ыйгарылсын.
8. Токтомдун аткарылышын козөмөлдүккө алуу жагы айылдык кеңештин мыйзамдуулук укук тартиби жана этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
9. Бул токтом айыл өкмөтүнүн расмий сайтына жарыялансын.
Төрага: | Ө. Мамадалиев |