Редакцияот 01.12.2018
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XXV заседаниеси

2018-жылдын 1-декабры № 25

 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Сары-Таш айыл өкмөтүндө Бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө

 

Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Сары-Таш айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиясын түзүү жөнүндө

 

 Т О К Т О М К Ы Л А Т :

 

  1. Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексине ылайык Сары-Таш айыл өкмөтүндө бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча сандык курамы 9 адамдан турган комиссиянын курамы түзүлсүн (тиркеме тиркелет ).

 

  1. Комиссия Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө кодексин, башка ченемдик укуктук актыларды жана Кыргыз Республикасынын Бузуулар жөнүндө типтүү Жобосун жетекчиликке алып иш жүргүзсүн, ошондой эле жылына бир жолу 15-январдан кеч эмес өткөн календарлык жылда аткарган иштери тууралуу жергиликтүү кеңешке отчет берсин.

 

  1. Комиссиянын ишмердүүлүгүн материалдык-техникалык жактан камсыздоо жергиликтүү бюджетте каралган каражаттардын эсебинен жүргүзүлсүн.

 

  1.  Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин билим берүү,саламаттыкты сактоо,маданият,туризм,спорт,карыялар жана жаштар менен иш алып баруу,дин иштери,коомдук тартипти сактоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

 Төрага

Жаныбек уулу Т.

 

 

Ош облусунун Алай районундагы Сары-Таш айылдык кеңешинин 2018-жылдын 1 -декабрындагы кезектеги25-заседаниесинин № 25 токтому менен бекитилген № 1-тиркеме

 

 

 

Сары-Таш айыл өкмөтүндөгү бузуулар жөнүндө иштерди кароо боюнча комиссиянын

 курамы:

 

 1. А.Б.Юсупов

– Комиссиянын төрагасы, айылдык кеңештин депутаты (макулдашуу менен)

2. Н.М.Маткасымова

– Комиссиянын төрагасынын орун басары, айылдык кеңештин депутаты (макулдашуу менен)

 3 Ж.А.Алашов

– комиссиянын катчысы, айыл өкмөттүн ВУС инспектору

 МҮЧӨЛӨРҮ:

1. Ж.Б.Бечелов

 – «Береке»жамаатынын башчысы;

2..Г.К.Эсенова

- «Алтын бешик Жибек жолу» балдар бакчасынын башчысы (макулдашуу менен);

3.З.Б.Омбулова

- аялдар кеңешинин төрайымы (макулдашуу менен);

4.А.Н.Култаев

- №40 Ы.Мону атындагы орто мектебинин директору(макулдашуу менен);

5.А.К.Ормонбеков

 -Жаштар комитетинин мүчөсү;

6.А.Б.Баймурзаев

 - Нура айылынын тургуну

 

 

 Төрага

Жаныбек уулу Т.