Загрузка документа…
КАШКА-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кашка-Жол айылдык кеңешинин (VI шайланган ) кезектеги 26- сессиясы
2021-жылдын 15-февралы № 26/2
Айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн оорулардан , зыянкечтерден , отоо чѳптѳрдѳн коргоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүнүн акысын бекитүү жана карантини жѳнүндѳ
Айыл чарба ѳсүмдүктѳрүн оорулардан , зыянкечтерден , отоо чѳптѳрдѳн коргоо боюнча кызмат кѳрсѳтүүнүн акысын бекитүү жана карантини жѳнүндѳгү жеке аграном Турдубаев Дүйшалинин маалыматтын угуп жана жана талкуулап Кашка-Жол айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Бир жана эки жылдык көп жылдык мөмө бак-дарактарга
- бир түп үчүн 50 (элүү) сом,
- үч жылдан жогорку бак-дарактарга бир түп үчүн 100 (жүз) сом ,
- 1 га айыл чарба өсүмдүктөрүн зыйякечтерге, отоо чөптөргө, ар түрдүрдү илдеттерге каршы даарылоо иштеринин кызмат акысы 1000 ( бир миң) сом өлчөмүндө бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кашка-Жол айылдык Кеңешинин Агрардык, азык түлүк ,жер жана жер ресурстары жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Кашка-Жол айылдык кеңешинин төрагасы: | Т. Оморов |