ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы
2021-жылдын 27-июлу № 2-1
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга бюджеттин болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык, Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 23-июлундагы корутундусун угуп жана талкуулап, КР ЖӨБ жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин өздүк кирешесинин болжолдуу долбоору тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
2.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2022-2023-2024-жылдарга жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүнун долбоору тиркемеге ылайык кабыл алынсын.
3.Жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүнүн түзүлгөн долбоору боюнча иш алып баруу жагы айыл өкмөттүн салык кызматкери М.Муратбековго милдеттендирилсин.
4.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Бекмырзаевге тапшырылсын.
Төрага | К.Мураталиев |