Редакцияот 27.07.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги экинчи сессиясы

2021-жылдын 27-июлу № 2-6

Ак-Жол айыл өкмөтүнө Бюджеттик ссуда которуу жөнүндө  

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 57-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин 8-чакырылышынын 2020-жылдын 29-декабрындагы №29-3 токтомунун негизинде “Ички жолдорду жакшыртуу” долбооруна өздүк салым үчүн бөлүнгөн 350,0 сом акча каражатын Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине бюджеттик ссуда катары которуп берүү жөнүндөгү айылдык кеңештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын корутундусун угуп жана талкуулап, сессия токтом кылат:  

1.”Ички жолдорду жакшыртуу” гранттык долбоорунун муниципалитеттер аралык кызматташуунун алкагында берилүүчү 350,0 (үч жүз элүү миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттен Ак-Жол айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетине эки айыл өкмөттун ортосунда түзүлгөн келишимге ылайык бюджеттик ссуда катары бөлүп берүүгө макулдук берилсин.

2.Бюджеттик ссуда Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 57-беренесинин биринчи пунктунда көрсөтүлгөндөй берилген бюджеттик жылдын аягына чейин кайтарылсын.

3.Бюджеттик ссуданы берүү иш-аракеттерин атайын жобого ылайык жүргүзүү жагы айыл өкмөттүн ФЭБ нө жүктөлсүн.

4.Токтомду айыл өкмөттүн расмий сайтына ( jergetal.kg) жарыялап, мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.

5.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кенештин бюджет жана экономика маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Бекмырзаевге тапшырылсын.

 

Төрага

К.Мураталиев