Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 29-2
Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2020-жылга карата аткарылышы, 2021-жылга жана 2022-жыл -2023-жылдарга карата долбоорун бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык, Жерге-Тал айылдык Кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын 2020-жылдын 26-декабрындагы корутундусун угуп жана талкуулап, КР ЖӨБ жөнүндөгү Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктуна ылайык, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн 2020-жылдын бюджетинин аткарылышы жыл башындагы пландан сырткары алымча кошумча уведомлениелерге ылайык кабыл алынып “ канааттандырарлык” деп кабыл алынсын.
2.2021-жылдын жергиликтүү бюджетинин көлөмү өздүк бекитилген киреше 4255,6 миң (төрт миллион эки жүз элүү беш миң алты жүз) сом, теңдөөчү грант 6212,1 (алты миллион эки жүз он эки миң бир жүз) сом ата-энелер төлөмү 1006,2 (бир миллион алты миң эки жүз) сом кошулуп жалпысы 11473,9 ( он бир миллион төрт жүз жетимиш үч миң тогуз жүз) сом суммасына ылайык кабыл алынсын.
3.Жергиликтүү бюджеттин 2021-жылдагы чыгаша бөлүгү 11473,9 ( он бир миллион төрт жүз жетимиш үч миң тогуз жүз) сом эсебинде кабыл алынсын.
4.Республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджетке берилүүчү теңдөөчү грант “Кыргыз Республикасынын 2021-жылга 2022-2023-жылдардын долбооруна Республикалык бюджет жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесинин 4-бөлүмүнө жана 12-беренесинин 3-бөлүмүнө негиз биринчи кезекте коргоого алынган статьяларга, коммуналдык чыгымдарга, калган сумма башка керектелүүчү статьяларга жумшоо жана коммуналдык чыгымдым толук каржылоосуна жумшоо жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
5.Жергиликтүү бюджетти үзгүлтүксүз камсыз кылуу максатында өздүк кирешелердин салык жана салык эмес төлөмдөрүнүн белгиленген пландарынын ар бир түрлөрү боюнча аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
6.Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу, кесепетин жоюу жана эпидемиология боюнча иш чараларга 200,0 мин сом, ардагерлер Кеңешине материалдык, техникалык колдоого 25,0 мин сом бөлүнсүн.
7.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24 беренесинин негизинде жылдык бюджеттин чыгымдарынын көлөмүнүн 1%га чейинки же болбосо 100,0 (бир жүз миң) сом эсебинде айыл өкмөттүн резервдик фонду түзүлсүн.
8.Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 11-беренесинин негизинде калдык акча каражатынын эсебинен жүгүртүүдөгү кассалык накталай акчанын көлөмү бир айлык эмгек акы төлөө фондунун чектеринде 200,0 (эки жүз миң) сом, Жерге-Тал айылында курулуучу бала бакчанын өздүк салымына 1 000,0 (бир миллион ) сом, Боспиек орто мектебине ажааткана курууга 352,4 (үч жүз элүү эки миң төрт жуз) сом бекитилсин.
9.Жыл ичиндеги жергиликтүү бюджетти аткарууну кабыл алынган пландарга ылайык жүргүзүү жагы ФЭБ нүн башчысы Э.Найманбаевага жүктөлсүн.
10.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы С.Турдубаевге милдеттендирилсин.
11.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы К.Бүркүтбаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Шакиев |