Редакцияот 22.12.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI отуруму

2017-жылдын 22-декабры № 16

 

Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы 2018-жылга бекитүү жана 2019-2020-жылдарга жергиликтүү жамаатынын социалдык-экономикалык өнүгүү планын жана калкты социалдык коргонуу программаларын бекитүү боюнча

 

Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын «Айыл өкмөтүнүн 2017-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы жана 2018-2019-жылдарга социалдык-экономикалык өнүгүү планын бекитүү боюнча» билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү» Мыйзамынын 31-беренесинин 2-пунктунун негизинде Сары-Таш айылдык Кенешинин VI чакырылышынын кезектеги XVI отуруму

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

  1. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2017-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча аткарылган иштер боюнча Сары-Таш айыл өкмөтүнүн башчысынын отчету жактырылсын.
  2. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2018-жылга жергиликтүү жамааттын социалдык-экономикалык өнүгүү планы жана калкты социалдык коргоонун программалары бекитилсин.
  3. Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2019-2020-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө белгиленгендерди камсыз кылуу үчүн ата-мекендик, чет элдик инвестицияларды тартуу менен жамааттарды катыштыруу, жергиликтүү бюджеттин киреше булагын толтуруу, муниципалдык жерлерин конкурстук негизде берүүнү уюштуруу, кыймылсыз мүлктөрдүн так жана толук эсебин алуу боюнча иштерди аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жана жана тиешелүү жооптуу кызматкерлерине милдеттендирилсин.
  4. Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин экономика, бюджет, инвестициялар жана ишкердик кылуу маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын

 

 

 

Төрага

Жаныбек уулу Т.