Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV заседаниеси

2017-жылдын 10-февралы № 4/2

 

Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу «Алтын бешик жибек жолу », Нура айылынын “Ак Нур” балдар бакчаларынын 2017-жылга карата ата – энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн бекитүү жөнүндө

           

  Сары-Таш айылдык Кеңеши

 

  ТОКТОМ кылат:

 

 

1. 2016-жылга Сары-Таш айыл өкмөтүнө караштуу « Алтын бешик жибек жолу » балдар бакчасынын ата – энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 194,4сомго жана чыгаша бөлүгү 194,4 сомго бекитилсин. 

2.2016-жылга Нура айылынын “Ак Нур” балдар бакчасынын бакчасынын ата – энелер жыйымынан түшкөн акча каражатынын киреше бөлүгү 240,0сомго жана чыгаша бөлүгү 240,0 сомго бекитилсин. 

3. Ата – энелер жыйымынан түшкөн 438,0сом акча каражаты балдардын ысык тамагы үчүн азык – түлүккө ( ст. 22181100 – 438,0сом) жумшалсын.

4.Атайын каражаттын акчасын өз убагынан кечиктирбей төгүү жана туура, максатуу жумшалышын камсыз кылуу ошондой эле отчетун өз убагында айыл өкмөтүнүн финансы – экономика бөлүмүнө тапшыруу жагы балдар бакчаларынын директорлору Г. Эсеновага жана Ж. Ниязоваларга милдеттендирилсин.

5.Атайын каражатты смета боюнча каржылоо жагын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Н. Бекмурзаевага милдеттендирилсин.

 

 

Төрага

Жаныбек уулу Талгат