Редакцияот 10.02.2017
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

САРЫ-ТАШ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Сары-Таш айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезектеги IV заседаниеси

2017-жылдын 10-февралы № 4/1

 

 Сары-Таш айыл өкмөтүнүн 2015-2016-жылдарга

 бюджетинин аткарылышы жана 2017-жылга

 бюджетти бекитүү, 2018-2019-жылдарга бюджетти

 болжолдуу бекитүү жөнүндө

 

 Сары-Таш айылдык Кенеши

 ТОКТОМ КЫЛАТ

1. 2015-жылда Сары-Таш айыл Окмотунун киреше болугу 24 817,2 сомго, чыгаша болугу 24 227,7 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

 2. 2016-жылда Сары-Таш айыл Окмотунун киреше болугу 29165,3 сомго жана чыгаша болугу 18660,6 сомго аткарылгандыгы белгиленсин.

 

 3. 2017-жылга Сары-Таш айыл Окмотунун киреше болугу 8 224,3 сомго жана чыгаша болугу 8 224,3 сомго бекитилсин.

 

 4. 2018-жылга болжолдуу бюджет 8803,4 сомго 2019-жылга 9429,6 сомго белгиленсин.

 

 5. Сары-Таш айыл Окмотундо жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет-учет иштерин убагында айыл Окмоттун финансы болумуно тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.

 

 

 6. Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча оз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл Окмоттун Финансы-экономика болумунун башчысына тапшырылсын.

 

7. Бул токтомдун аткарылышын козомолдоо жагы айыл Окмоттун башчысы Эсеновго милдеттендирилсин.

 

 

 

 

Төрага

Жаныбек уулу Талгат