Редакцияот 10.06.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ 

Ак-Жол айылдык кеңешинин VIII- чакырылышынын кезектеги уюштуруу сессиясы

 

2021-жылдын 10-июну № 2

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндө

Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз I-сессиясынын күн тартибиндеги 2-маселеси Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин туруктуу комиссияларынын курамын бекитүү жөнүндөгү маселени угуп жанаталкуулап Ак-Жол айыл аймактык Кеңешинин VIII- чакырылышынын кезексиз I-сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Ак-Жол айыл аймагынын Регламентине ылайык айылдык Кеңештин туруктуу комиссиялары төмөндөгүдөй тартипте түзүлсүн.

1. Экономика, бюджет, соода жана байланыш маселелери боюнча,

курамы 5 адам.

2. Билим берүү, социалдык-маданий жана саламттыкты сактоо

маселелери, курамы 5 адам.

3. Мыйзамдуулук, укук тартибин сактоо, Депутаттык этика, мандат,

Регламент, жергиликтүү өз алдынча башкарууну өнүктүрүү, жарандардын укугун, кызыкчылыгын коргоо, маалымдоо каржаттары маселелери боюнча, курамы 4 адам.

4. Айыл чарба, жаратылышты коргоо, экология жана өнөр-жай,

транспорт, ишкердик, иш, электр энергия маселелери боюнча, курамы 5 адам.

2. Комитеттин төрагалыгына шайланган жолдошторго айылдык кеңештин кабыл алган иш-планын өз убагында, так аткаруу жагы милдеттендирилсин.

 

Ак-Жол айыл аймактык

Кеңешинин төрагасы:

 

Т. Султамуратов.