Редакцияот 01.10.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

СЕМИЗ-БЕЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

 

Семиз-Бел айыл аймагынын айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезексиз VӀ сессиясы

2021-жылдын 1-октябры №6/4

Арсы айылындагы бала-бакчасынын өздүк салымына акча каражатын которуп берүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесинин,3-пунктуна ылайык, бюджет боюнча туруктуу комиссиянын маалыматын угуп жана талкуулап Семиз-Бел айылдык кеӊеши токтом кылат:

 

1.  Арсы айылындагы бала-бакчасынын санитардык гигиеналык түйүндөрүн орнотуу үчүн өздүк салым катары, жергиликтүү бюджеттин эсебинен 65000 (алтымыш беш миң) сом акча каражатын бөлүп берүүгө макулдук берилгендиги белгиленсин.

 

2.   Аталган акча каражатын КРнын мыйзамдарына жана ченемдик укуктук актыларына ылайык ишке ашыруу жагы,айыл өкмөтүнө милдеттендирилди деп табылсын.

 

3.   Аталган токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилгендиги белгиленсин

 

Төрага:

Б.Намазбек уулу