Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 29/3
«Ички жолдорду тейлөөнү жакшыртуу» гранттык долбооруна өздүк салым үчүн акча бөлүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 13-беренесине ылайык Жерге-Тал айылдык кеңешинин бюджет жана каржы маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2020-жылдын 26-декабрындагы Хельветасс Свисс Интеркорпорейшн Ассосациясынын Кыргыз Республикасындагы филиалы менен Өнүктүрүү саясат институту тарабынан ишке ашырылып жаткан “Жергиликтүү денгээлде кызмат көрсөтүүлөрдү жакшыртуу” долбоорунун алкагында ишке ашылып жаткан “Ички жолдорду тейлөөнү жакшыртуу” гранттык долбоорунун өздүк салымы үчүн акча каражатын бөлүп берүү жөнүндөгү корутундусун угуп жана талкуулап,сессия токтом кылат:
1. “Ички жолдорду тейлөөнү жакшыртуу” гранттык долбоорунун өздүк салымы үчүн жергиликтүү бюджеттен 350,0 (үчжүз элүү миң) миң сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2.Бөлүнүп берилген каражатты максаттуу пайдалануу жагы айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык кеңештин бюджет
жана каржы комитетинин төрагасына жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакиев |