Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №3
“Жалал-Абад шаарынын №8-орто билим берүүчү мектебине Асанов Бакытбек Амангелдиевичтин ысымын ыйгаруу жөнүндө”
Жалал-Абад шаарында географиялык аталыштарды жана ысымдарды берүү, өзгөртүү Жобосуна ылайык, Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн 29.04.2024-жылдагы №01-02/296 сандуу катты шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясы карап чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаардык депутаттар кеӊешинин VI чакырылышынын 04.12.2014- жылдагы кезектеги XIX сессиясынын №3-токтому жокко чыгарылсын.
2. Жалал-Абад шаарынын №8-орто билим берүүчү мектебине Кыргыз Республикасынын Улуттук Коопсуздук Мамлекеттик Комитетинин кызматкери, полковник Асанов Бакытбек Амангелдиевичтин ысымын ыйгарууга макулдук берилсин.
3. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Билим берүү министрлигине макулдашуу үчүн жиберүү жагы Жалал-Абад шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысына (Ы.Калчаев) милдеттендирилсин
4. Ушул токтомду Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин социалдык, укуктук маселелер, мыйзамдуулук, партиялар, депутаттык этика, регламент, депутаттык ишмердүүлүк, коомдук уюмдар жана кыймылдар боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыялангандан тартып күчүнө кирет.
.
Төрага: | Н.Орозбаев |