ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 1
2021-жылдын 9 айына карата айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы боюнча отчеттук билдирүүсүн угуу жөнүндө
Өрүктү айыл аймагынын финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы М.Осмонбековдун 2021-жылдын 9 айына карата Өрүктү айыл аймагынын жергиликтүү бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү отчеттук билдирүүсүнүн жана Өрүктү айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын айыл аймактын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышы боюнча отурумунун корутундусунун негизинде Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Осмонбеков Медеткандын 2021-жылдын 9 айына карата Өрүктү айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү отчеттук билдирүүсү жана айылдык Кеңештин бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясынын отурумунун корутундусу эске алынсын.
2. Айыл аймагынын бюджетинин киреше жана чыгаша бөлүктөрүнүн аткарылышы жөнүндөгү Осмонбеков Медеткандын берилген отчету канааттандырарлык деп табылсын.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет, экономика, каржы жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |