Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №4
“Жалал-Абад шаарынын аймагындагы жеке менчик жер тилкелеринин укуктук зонасынын категориясын өзгөртүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын муниципалдык менчик башкармалыгынын 27.03.2024-жылдагы чыг.№01-7/306 жана Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 29.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/2190 сандуу каттарды жана ага тиркелген иш-кагаздарын Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш ошондой эле жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын жыйынында каралып чыгып, Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелеринин негизинде, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Б.Эркинбаев (мурунку Чехов) көчөсүнүн №6 дарегинде жайгашкан жалпы аянты 6969,50 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкесин «Ц-3» укуктук зоналык категориясынан «Ж-3» (көп кабаттуу турак-жай курууга) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарынын Д.Малашов көчөсүнүн 15а дарегинде жайгашкан жалпы аянты 4700,0 чарчы метр болгон жеке менчик жер тилкелерин «П-1» (өндүрүш) укуктук зоналык категориясынан «Ж-3» (көп кабаттуу турак-жай курууга) укуктук зоналык категориясына өзгөртүүгө макулдук берилсин.
3. Жалал-Абад шаарынын мэриясына, Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгына, КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде 2006-жылы кабыл алынган “Жалал-Абад шаарында курулуш куруу жана жер пайдалануу эрежелерине” өзгөртүү киргизип, мыйзам чегинде иш алып баруу жагы милдеттендирилсин.
4. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
5. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынына милдеттендирилсин.
6. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
.
Төрага: | Н.Орозбаев |