Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 15-ноябры № 595
Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкаларын бекитүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 16-июлундагы № 393, 2025-жылдын 19-мартындагы № 135 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
Ички чийки зат рыногун коргоо жана булгаары ишканаларынын туруктуу ишин камсыз кылуу максатында, "Тышкы соода ишин мамлекеттик жөнгө салуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 8-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Бодо малдын (буйволдорду кошкондо) же жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын жүндүү же жүнсүз, кабатталган же кабатталбаган иштетилбеген (бууга кармалган же туздалган, кургатылган, күлдөнгөн, пикелденген же башка ыкма менен консервацияланган, бирок ийленбеген, пергамент үчүн иштетилбеген же андан ары иштетүүгө кабылбаган) ЕАЭБ ТЭИ ТН 4101 товардык позициясындагы терилерине ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымынын ставкасы төмөнкүдөй белгиленсин:
- 2025-жылдын 31-декабрына чейин бажы наркынан 5%, бирок 1000 кг үчүн 50 евродон кем эмес өлчөмдө;
- 2026-жылдын 1-январынан тартып бажы наркынан 10%, бирок 1000 кг үчүн 100 евродон кем эмес өлчөмдө.
(КР Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 19-мартындагы № 135 токтомунун редакциясына ылайык)
2. Ушул токтомдун 1-пунктунда аныкталган ташып чыгуу (экспорттук) бажы алымдарынын ставкасы Евразия экономикалык бирлигинин жана Кыргыз Республикасы тарабы болуп саналган эркин соода зоналары жөнүндө макулдашууларга катышуучу мамлекеттердин бажы аймагынан сырткары ташылып чыгуучу товарларга карата колдонулат деп белгиленсин.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан ушул токтомдун кабыл алынгандыгы жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2016-жылдын 16-майындагы № 254 "Бодо малдын жана жылкылар түркүмүндөгү жаныбарлардын иштетилбеген терилерин ташып чыгууга (экспорттук) бажы алымдарынын ташып чыгуу ставкаларын бекитүү жөнүндө" токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы
| А.У. Жапаров |