Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2020-жылдын 29-декабры № 29/6
Келишимди бекитүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөт башчысынын жана айылдык кеңештин мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишимди бекитип берүү сунушун карап жана талкуулап,Кыргыз Республикасынын “жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүүнүн тартиби жөнүндөгү” Мыйзамынын 5-беренесине ылайык сессия токтом кылат:
1. Аксы райондук статистика башкармалыгы менен Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн ортосунда түзүлгөн “Статистикалык маалыматтарды жыйноо боюнча жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды берүү жөнүндөгү “ келишим бекитилсин.
2. Келишимдин шарттарын аткаруу жагы айыл өкмөт башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө мыйзам жана укук маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Момуновго милдеттендирилсин.
Төрага | К. Шакиев |