Загрузка документа…
ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2021-жылдын 8-февралы № 30/1
Аксы райондук прокуратурасы тарабынан кайтарылган жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндө
Жалал-Абад областынын Аксы районунун прокуратурасынын 2021-жылы 1-февралындагы №11/1-4-141-21 сандуу ченемдик укуктук актылардын бузулушунун четтетүү жөнүндөгү талабына жана Жерге-Тал айылдык Кеңешинин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиясынын 2021-жылдын 4 февралындагы “ Ы.Матраимовго берилген 1000 кв.м. жер аянтын муниципалдык менчикке кабыл алуу жөнүндөгү” корутундусун карап жана талкуулап чыгып, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айылынын Ч.Багышбеков көчөсү менен Кербен – Авлетим автожолунун кесилишинин түштүк-чыгыш тарабында жайгашкан Ы.Матраимовдун наамына берилген 1000 кв.м. (0,10 га) жер аянты Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн муниципиалдык менчигине кабыл алынсын.
2.Жер аянттын муниципиалдык менчикке кабыл алуу жагы Кыргыз Республикасынын тиешелүү мыйзамдарына ылайык жүргүзүү жана жер балансына тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Айткуловго милдеттендирилсин.
3.Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтөмбаевге жүктөлсүн.
Төрага | К. Шакиев |