Редакцияот 15.11.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

 

2021-жылдын 15-ноябры № 3

Өрүктү айыл аймагында айыл-чарба жерлеринин 2021-2022-жылдарга карата жазгы жана күзгү талаа иштерине айыл аймактагы жеке менчик техникалардын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү жөнүндө

Өрүктү айыл аймагында айыл-чарба жерлеринин 2021-2022-жылдарга карата жазгы жана күзгү талаа иштерине айыл аймактагы жеке менчик техникалардын кызмат көрсөтүү тарифин бекитүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы

ТОКТОМ КЫЛАТ:

1. Айыл аймактын айыл-чарба жерлеринин айдап-себүү иштеринде кызмат көрсөткөн жеке менчик техникалар үчүн төлөмү 1,0 га үчүн төмөнкү тарифте бекитилсин:

- Айдоо – 3 500 (үч миң беш жүз) сом;

- Мала – 1 700 (бир миң жети жүз) сом;

- Агат- 1 700 (бир миң жети жүз) сом;

- Селка - 1 700 (бир миң жети жүз) сом;

- Касилка – 2 000 (эки миң) сом;

- Тарак – 1 200 (бир миң эки жүз) сом;

- Пресс (1шт)– 20 (жыйырма) сом;

- Комбайн – 5 000 (беш миң) сом болуп бекитилсин.

2. Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде көзөмөлдөө жана түшүндүрүү иштерин жүргүзүү Өрүктү айыл аймагынын тиешелүү кызматкерлерине (айыл башчыларга) милдеттендирилсин.

3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.

4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Айылдык Кеңешинин төрайымы:

К.С. Усенбаева