ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №6
“Жалал-Абад шаардык кеңешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын №6-токтомуна өзгөртүү жана толуктоо киргизүү жөнүндө”
Крыгз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 27.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/2177 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын жыйынында каралып чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
- Жалал-Абад шаардык кенешинин 26.12.2023-жылдагы кезектеги XXXVI сессиясынын №6 токтомунун 1-пункту жокко чыгарылсын.
- Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттиктин балансындагы мүлктү Жалал-Абад шаарынын Жеңи-Жок көчөсүндөгү №4а дарегиндеги жайгашкан 2133,0 чарчы метр жер аянтындагы курулушу бүтпөгөн объектиси менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
- Мүлктү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
- Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
- Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет..