ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 29 сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 31/3
Кайракы жана чөп чабынды жер аянттарын ижарага берүү жөнүндө
Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү кайракы жана чөп чабынды жер аянттарынын келишим мөөнөтү бүткөндүгүнө байланыштуу, кайрадан аукцион аркылуу жер аянттарын ижарага берүү боюнча, айылдык кеңешинин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 24-мартындагы отурумдун корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөтүндөгү кайракы жана чөп чабынды жер аянттарын мыйзамдын негизинде аукцион аркылуу ижарага берүүнү, ар бир лоттун мерчемин тактоону жана аукционго коюлган баштапкы баасы кайракы жер аянттары үчүн 800 (сегиз жүз) сом, чөп чабынды жер аянттары үчүн 400 (төрт жүз) сом менен кароону Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү Жерге-Тал айылдык кеңештин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтамбаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |