Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №8
“Жалал-Абад шаарынын Промзона участкасындагы жашоочулардын жер-укуктук мамилелерине кошумча бирдейлештирилген коду менен камсыз кылууга макулдук берүү жөнүндө”
Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 24.04.2024-жылдагы чыг.№01-19/2024 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба, байланыш жана жерди пайдалануу, архитектура, турак-жай, муниципалдык менчик боюнча туруктуу комиссияларынын жыйынында каралып чыгып, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Промзона участкасындагы 7,64 га муниципалдык жер тилкелериндеги жашоочулардын жер-укуктук мамилелерине кошумча бирдейлештирилген коду менен камсыз кылууга макулдук берилсин.
2. Жалал-Абад шаарында архитектуралык жана шаар куруу иш чаралары бекитилген башкы пландын негизинде жүргүзүү жагы Жалал-Абад шаарынын мэрине (Э.Ормоков), Жалал-Абад шаардык архитектура жана шаар куруу башкармалыгынын башчысына (Б.Байжигитов) жана КР Министрлер Кабинетине караштуу Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Жалал-Абад филиалынын башчысына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |