Редакцияот 26.03.2021
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ

ТОКТОМ

Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы

2021-жылдын 26-марты № 31/4

Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн бузук көпүрө участкасындагы таштуу жайыттан таштанды таштоо үчүн жер аянттын бөлүп берүү жөнүндө

 

Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 24-мартындагы бузук көпүрө участкасындагы таштуу жайыттан жер аянттын бөлүп берүү жөнүндөгү отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап сессия  токтом кылат:

 

1.Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы сунуштаган маселелердин 8 пунктчасы боюнча Бузук көпүрө участкасындагы таштуу жайыттан жер аянттын тактап, жер аянттын трансформация кылууну жана долбоорлорду жайгаштыруу боюнча мыйзамдуу жагын карап, чечип берүү жагын Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына сунушталсын.

 

2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жерге-Тал айылдык кеңештин катчысына жүктөлсүн.

 

3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтөмбаевге тапшырылсын.

 

 

Төрага

К. Шакыев