Загрузка документа…
ЖАЛАЛ-АБАД ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жалал-Абад шаардык кеңешинин IX чакырылыш кезектеги XLII сессиясы
2024-жыл 7-май №9
“Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги №53а жана №53б даректеринде жайгашкан жер тилкелерин турак жай эмес курулуштары менен Жалал-Абад шаарынын мэриясынын Муниципалдык менчик башкармалыгына өткөрүп алууга макулдук берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик” жөнүндөгү мыйзамынын 6-беренесине ылайык, Жалал-Абад шаарынын мэриясынын 06.05.2024-жылдагы чыг.№01-19/2320 сандуу катты Жалал-Абад шаардык кеӊешинин сессиясында талкуулап, Жалал-Абад шаардык депутаттар кеңешинин кезектеги XLII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жалал-Абад шаарынын Т.Байзаков проспектисиндеги №53а дарегинде жайгашкан, 3-10-04-0004-0761 идентификациялык коду менен 2935,0 чарчы метр жана №53б дарегинде жайгашкан, 3-10-04-0004-0762 идентификациялык коду менен 5023,0 чарчы метр жер тилкелерин турак жай эмес курулуштары менен Жалал-Абад шаарынын муниципалдык менчигине өткөрүп алууга макулдук берилсин.
2. Мүлктөрдү муниципалдык менчикке өткөрүп алууда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын сактоо менен иш алып баруу жагы Жалал-Абад шаарынын мэриясына жана Муниципалдык менчик башкармалыгына милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине мамлекеттик реестрге киргизүү жагы шаардык кеңештин жооптуу катчысына (О.Эшенкулов) милдеттендирилсин.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы шаардык кеңештин курулуш, транспорт, коммуналдык чарба жана байланыш боюнча туруктуу комиссиясына милдеттендирилсин.
5. Ушул токтом Жалал-Абад шаарынын www.jalal-abad.gov.kg расмий сайтында жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төрага: | Н.Орозбаев |