ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы
2021-жылдын 26-марты № 31/5
Кыргыз үй участкасындагы таштуу жайыттан спорт зал куруу үчүн 0,15 га жер аянттын бөлүп берүү жөнүндө
Жерге-Тал айылдык кеңешинин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын 2021-жылдын 24-мартындагы кыргыз үй участкасындагы жайыттан спорт зал куруу үчүн 0,15га жер аянттын бөлүп берүү жөнүндөгү отурумунун корутундусун угуп жана талкуулап сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айыл өкмөт башчысы сунуштаган маселелердин 11 пунктчасы боюнча айыл өкмөттөгү Кыргыз үй участкасынан спорт зал куруу үчүн 0,15 га жер аянттын караштырып, мыйзамдуу жагын карап, чечип берүүнү Жерге-Тал айыл өкмөт башчысына сунушталсын.
2.Токтомду расмий сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы Жерге-Тал айылдык кенештин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин жер, суу ресурстары жана агрардык маселелер боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы А.Өтөмбаевге тапшырылсын.
Төрага | К. Шакыев |