ӨРҮКТҮ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Өрүктү айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2021-жылдын 15-ноябры № 5
Жайытка чыккан мал үчүн болгон төлөмдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Өрүктү айыл аймагындагы чабандардын 2022-жылга карата жайытка алып чыгуу үчүн мал башына болгон төлөмдөрүнүн тарифин бекитип берүү максатында Өрүктү айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жайытка чыгуучу чабандардын мал башына элден алынуучу төлөмдөр төмөндөгүдөй тарифте бекитилсин:
- Кой, эчки – 100 (жүз) сом;
- Кара мал – 400 (төрт жүз) сом;
- Жылкы- 400 (төрт жүз) сом болуп бекитилсин.
2. Төлөмдөрдү жогорудагы бекитилген көрсөткүчтөрдүн чегинде көзөмөлдөө жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Н. Арзыматовго милдеттендирилсин.
3. Токтомду Ала-Бука райондук мамлекеттик администрациясынын www.alabuka.kg веб сайтына жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү Өрүктү айылдык Кеңешинин жооптуу катчысына жүктөлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жер, агрардык маселе, өзгөчө кырдаалдар, экология жана жайыт маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Айылдык Кеңешинин төрайымы: | К.С. Усенбаева |