ЖЕРГЕ-ТАЛ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Жерге-Тал айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 31 сессиясы
2021-жылдын 26-майы № 2-1
Жерге-Тал айылдык кеңешинин регламенттин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндөгү” мыйзамынын 31- беренесинин 2-бөлүмүнүн 11-пунктуна ылайык жана Жерге-Тал айыл аймагынын айылдык кеңешинин иштерин уюштуруунун жана алардын ыйгарым укуктарын ишке ашыруунун тартибин так белгилөө максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиги тарабынан жетекчиликке алуу үчүн берилген айылдык кеңештин типтүү регламентинин негизинде түзүлгөн Жерге-Тал айылдык кеңешинин регламентинин жаңы редакциясын талкуулап, сессия токтом кылат:
1.Жерге-Тал айылдык кеңешинин регламенти бекитилсин (регламент тиркелет).
2.Жерге-Тал айылдык кеңешинин ушул токтому расмий веб-сайтка жарыялоо жана мамлекеттик реестрге киргизүү жагы айылдык кеңешинин жооптуу катчысы С.Турдубаевге жүктөлсүн.
3.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жерге-Тал айылдык кеңешинин төрагасынын орун басары Н.Мамадалиевага милдеттендирилсин.
Төрага | К. Мураталиев |